www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусундагы Кара-Суу базары мындан ары Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Кыял» мамлекеттик ишканасынын курамында иш алып барат. Бул тууралуу базардын дирекциясынан билдиришти.
Ушуга байланыштуу мурда соодагерлер менен түзүлгөн келишимдер аракеттенүүсүн токтотот. Сатуучулар жана башка кызыкдар тараптар 10 календардык күндүн ичинде жаңы келишимдерди түзүшү керек.
Кара-Суу базары — Борбордук Азиядагы эң ири базарлардын бири. Ал 1984-жылы негизделген жана анын аймагына болгон менчик укугунун айланасындагы талаштардан улам көп жылдар бою өлкөдөгү эң чуулгандуу объектилердин бири болуп келген.
2024-жылы УКМКнын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев базарды мамлекетке өткөрүү ниетин билдирген. Быйыл Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундар менен жолугушууда бир жарым жылдын ичинде базардын аймагында санитардык нормаларга жооп берген заманбап соода комплекси курулаарын кабарлаган. Ал базарды жаңылоодо иштеп жаткан соода аянтчаларынын бардык ээлеринин укуктары сакталышы керектигин жана процесс ачык-айкын болушу керектигин баса белгилеген.