www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илимий эмгеги плагиат деп табылып, илимий даражасынан ажыраган Бишкектин мурдагы вице-мэри Эркин Исаковдун бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында иштеп жатканы канчалык негиздүү?

Тактап айтканда, 2018-жылы Жогорку аттестациялык комиссия анын кандидаттык диссертациясын кайра текшерип, эмгектин 50 пайыздан ашыгы бир эле иштен көчүрүлгөнүн билдирген. Натыйжада ал экономика илимдеринин кандидаты деген илимий даражасынан ажыратылган. 

Анан ушундай адам кантип илим берет? Абсурд эмеспи? Же бизде боло береби? Дегенибиз, мамлекеттик башкаруу тармагында иштегендерден кесипкөйлүк гана эмес, жогорку деңгээлдеги абийирдүүлүк жана жоопкерчилик да талап кылынууга тийиш.

Айткандай, Исаков Жармухамедов Сухраб аттуу жаранды кайсы бир себептен улам абакка отургузуп, 2-3 мүлкүн өзүнө каттатып алганы боюнча дагы сөздөр айтылып келет. Ошондой эле, Бишкектеги «Жаштык» кичи аренасындагы чырлуу иште аты аталган жайы бар.

Айтор, былык иштерде төбөсү көрүнгөн жагынан алдына ат салдырбаган менен укуктук жоопкерчиликтен буйтап, суудан кургак чыгып кеткенди мыкты өздөштүргөн өңдөнөт. Анан ушундай ишмердүүлүгү күмөндүү, баскан изи мандемдүүлөрдүн укуктук жоопкерчилик жагы көмүскөдө кала береби? Мындай көрүнүштөр Президенттин эл үчүн жасап жаткан жакшы иштерин артка тартып, аброюнча көлөкө түшүрүп жатат. Мандемдүүлөрдөн арылыш керек го...

Последние новости