www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан коомдук жайларда бет кап кийгендиги үчүн айып пулдарды киргизип жатат, деп билдирет Tengrinews.kz.

Депутат Магеррам Магеррамов Мажилистин жалпы жыйынында жарыялагандай, коомдук жайларда бетти таанууга тоскоол болгон кийимдерди кийүүгө байланыштуу мыйзам талаптарын бузгандыгы үчүн административдик жаза чаралары көрүлөт.

Биринчи жолу мындай талапты бузгандарга эскертүү гана берилет.
Ал эми экинчи жолу кайталанса, 39 320 теңге, болжол менен 78 доллар айып пул каралат.

Казакстанда быйыл июнь айында эле жүздү жапкан кийимдерди кийүүгө тыюу салынган эле. Чектөө никабга гана эмес, балаклавага жана беткапка да тиешелүү.

Ошол эле учурда бир катар өзгөчөлүктөр каралган. Бети-башты жапкан кийимди кандайдыр бир мыйзамдын чегинде, медициналык себептер менен, жарандык коргонууда, спорттук же маданий иш-чаралардын маалында колдонууга уруксат берилет.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын январында Кыргызстан да ушул сыяктуу мыйзам кабыл алган. Анда адамдын жүзүн жашырган кийим кийүүгө тыюу салынат.

Последние новости