www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Авазада (Түркмөнстан) өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын алдында Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедовдун Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду тосуп алуу аземи болуп өттү.

Мамлекет башчылары саламдашып, биргелешип сүрөткө түшүштү.

Аземге ошондой эле Азербайжан Президенти Ильхам Алиев, Армения Премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Президенти Владимир Путин, Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Ирандын Президенти Масуд Пезешкиан катышты.

Биргеликте сүрөткө түшкөндөн кийин делегациялардын башчылары тар курамдагы жолугушууга катышуу үчүн жыйындар залына өтүштү.

Последние новости