www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өткөрүлгөн «Нелегал» жана «Мото-курьер» рейддеринин жүрүшүндө миграциялык мыйзамдарды бузган 40тан ашык чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилди.
Милиция кызматкерлери чет өлкөлүктөрдүн документтерин, өлкөдө жүрүү мыйзамдуулугун жана такси, курьердик жана массаж кызматтарындагы эмгек ишмердүүлүгүн текшеришти. Ошондой эле чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз ишке тартуу фактылары аныкталды.
Рейддин жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинин 2-бөлүгү боюнча 30 протокол түзүлүп, дагы төрт протокол айрым жоопкерчилиги чектелген коомдорго карата толтурулду.
Жалпы салынган айып пулдардын суммасы 500 миң сомдон ашты.