www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореянын бул өлкөдө мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандардын өз ыктыяры менен чыгып кетүү программасы тууралуу түшүндүрмө берди.
Ага ылайык, жарактуу визасы же иммиграциялык макамы жок жүргөн кыргыз жарандары 1-декабрдан тартып 90 күндүн аралыгында, тактап айтканда, 28 февралга чейин чыгып кетсе аларга эч кандай жаза колдонулбасын маалымдады.
"Көрсөтүлгөн мөөнөттө өлкөдөн ыктыярдуу түрдө чыгып кеткен учурда айып пул санкциялары колдонулбайт. Мажбурлап чыгарууга тиешелүү болгон учурда колдонулуучу кайра кирүүгө тыюу чаралары колдонулбайт; Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин жүрүм-турум тартиби бузгандарга тиешелүү болуп саналат. Ошол эле убакта, бул чаралар кылмыш кылган, же мыйзам боюнча мажбурлап чыгарууга тийиш болгондорго жайылтылбайт. Министрлик Кореяда мыйзамсыз жүргөн жарандарыбызды айып санкцияларынан жана башка укуктук терс кесепеттерден сактануу максатында жогоруда көрсөтүлгөн мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырат. Кошумча суроолор болсо Кыргызстандын Кореядагы элчилигине төмөнкү ыкчам байланыш номерлер (+82 10 9798 0951, +82 2 379 0951) аркылуу кайрылууну суранабыз",-деп жазылган маалыматта.