www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик контингенти 8-октябрда «Кант» аскердик авиабазасынан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн учуп кетти.

Биргелешкен машыгуу 8-октябрдан 17-октябрга чейин Беларустагы «Лосвидо» полигонунда өтөт.

Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскер кызматкерлери тынчтык орнотуу ишмердигинин алкагында милдеттерди биргелешип аткаруу, аскердик органдардын жана бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү, ошондой эле көп улуттуу контингенттин ыкчам шайкештигин жана күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу маселелерин иштеп чыгышат.

Последние новости