www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бир компания жарандарга 18–28 пайыздык киреше убада кылып, элден 5 млрд сомго жакын каражат чогултканы белгилүү болду.
Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов билдирди.
Анын айтымында, компаниянын карамагында дагы 20–22 ишкана болгон. Учурда чогултулган акчанын 3,5 млрд сому калган. Материалдар ИИМге өткөрүлүп, тергөө иштери жүрүүдө. Компанияга тиешеси бар адамдардын чет өлкөгө чыгуусуна да чектөө коюлган.
Бийлик жарандардын каражатын кайтарууну талап кылууда.