www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы товар жүгүртүү 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 33 пайызга өсүп, 2,4 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Бишкекте өткөн эки өлкөнүн II аймактар аралык кызматташтык форумунда билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын алгачкы 8 айында эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү дагы 20 пайызга өскөн. 2005-жылдан бери Казакстан Кыргызстан экономикасына дээрлик 1,3 млрд доллар инвестиция салган.
Ошондой эле форумдун алкагында эки өлкөнүн ишкерлери жалпы суммасы 100 млн долларга жакын келишимдерге кол коюуну пландаштырууда.
Учурда Казакстанда кыргыз капиталынын катышуусунда 3,5 миңге жакын ишкана иштесе, Кыргызстанда казакстандык капиталдын катышуусунда 400гө жакын компания иш алып барат.
Эки өлкө өз ара соода жүгүртүүнү 3 млрд долларга жеткирүүнү максат кылууда.