www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда тиешелүү уруксат документтери жок кум-шагыл казып алуу фактылары аныкталды. Мыйзам бузуулар боюнча жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксатсыз кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, күнөөлүү тарапка 20 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, Өзгөн районунун Салам-Алик айыл аймагындагы Жазы дарыясынын жээгинде да мыйзамсыз казуу иштери жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Бул факт боюнча 40 миң сом айып пул салынып, казуу иштерине пайдаланылган техникалар дарыянын нугунан чыгарылды.

Ошондой эле Папан суу сактагычынын айланасын таштандылардан тазалоо жана санитардык абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү мекемелерге эскертүүлөр берилди.

Последние новости