www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда онлайн-казинолорго, порносайттарга жана башка тыюу салынган ресурстарга кирүүнү чектөө үчүн интернет-трафикке жалпы көзөмөл киргизүү сунушталды.
Бул демилгени 30-октябрда Мамлекеттик каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматов «Биринчи радионун» эфиринде көтөрдү.
Анын айтымында, учурдагы бөгөттөөлөр натыйжалуу болбой, жарандар VPN аркылуу чет элдик онлайн-казинолорду колдонууну улантууда. Мындай көрүнүштөр адамдардын карызга батып, үй-бүлөлөрдүн бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда интернетти толук көзөмөлдөө демилгеси жарандардын маалымат алуу укугуна, IT тармагына жана мыйзамдуу интернет кызматтарына терс таасир тийгизиши мүмкүн деген сын-пикирлер да айтылууда.