www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстанда 2026-жылдагы түшүм жыйноо өнөктүгүнүн жыйынтыгында 24,3 миллион тонна дан жыйналды. Бул акыркы 15 жылдагы эң жогорку үч көрсөткүчтүн бири болду. Бул тууралуу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматына караганда, жыйналган жумшак буудайдын 72 пайызы үчүнчү класска туура келет. Ал эми изилденген үлгүлөрдүн 48 пайызында клейковинанын өлчөмү 28 пайыздан жогору болгон.
Ошондой эле Казакстан акыркы эки маркетингдик жылда 15,5 жана 16 миллион тонна дан жана ун экспорттоп, эгемендүүлүк жылдарындагы рекорддук көрсөткүчкө жеткен.
Бийлик айыл чарба техникасын жаңыртуу жана жер семирткичтерди колдонуу аркылуу өндүрүш көлөмүн мындан ары көбөйтүүнү көздөөдө.