www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцария Түндүк Кореянын борбору Пхеньян шаарында дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачты. Бул кадам эки өлкөнүн 1974-жылы түзүлгөн дипломатиялык мамилелеринен берки маанилүү окуя болуп саналат.
Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис 29-октябрда Пхеньянга барып, өкүлчүлүктүн ачылыш аземине катышты. Ошондой эле Түндүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Адистердин баамында, Берн бул кадамы аркылуу эл аралык аренадагы бейтарап өлкө катары аброюн бекемдөөгө жана Корей жарым аралындагы дипломатиялык диалогду жандандырууга аракет кылууда.
Швейцария 1997-жылдан бери Түндүк Кореяда гуманитардык кеңсесин иштетип келген, бирок ал 2020-жылы пандемияга байланыштуу жабылган. Эми өлкө саясий-дипломатиялык өкүлчүлүгүн кайра ачууда.