www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мадагаскарда узак жылдардан бери уланып келе жаткан суу тартыштыгын жоюу үчүн шашылыш чаралар көрүлүүдө. Буэни аймагындагы Антанималанды конушунда 10 жылдан ашык убакыттан бери чечилбей келген көйгөйдү азайтуу максатында жаңы суу скважинасы ишке берилди.
Махаджанга аймагында суткасына 34 миң куб метр суу талап кылынса, учурда болгону 27 миң куб метр суу өндүрүлөт. Натыйжада күн сайын 7 миң куб метр суу жетишпейт.
Суунун тартыштыгынан улам тургундар акы төлөнүүчү колонкалардан суу алууга аргасыз. Эки 20 литрлик канистр суунун баасы 1 000 ариариге жетет. Беш адамдан турган үй-бүлө күнүнө орточо 8 миң ариари суу чыгымдайт.
Бийлик 2027-жылга чейин жаңы скважиналарды куруу, суу тазалоочу жайларды оңдоо жана күн энергиясы менен иштеген суу системаларын орнотууну пландоодо. Максат — калкты таза суу менен туруктуу камсыз кылуу.