www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети чет өлкөдөн курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн алып келүүгө салынган убактылуу тыюуну алып салды. Тиешелүү токтомго МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Чечим курулуш материалдары рыногун турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Эске салсак, чектөөлөр 2026-жылдын 14-сентябрындагы № 614 токтому менен алты айлык мөөнөткө киргизилген. Алар Евразия экономикалык бирлигине кирбеген өлкөлөрдөн жеткирилүүчү курулуш продукциясынын айрым түрлөрүнө тиешелүү болчу.
Алгач тыюу ата мекендик өндүрүүчүлөрдү коргоо, ички рынокту турукташтыруу жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген.
Бирок 12-октябрда минкаб алып келүүгө тыюу салынган товарлардын тизмесин оңдоп, инвестициялык долбоорлор үчүн кошумча өзгөчөлүктөрдү караштырган.
Азыр эки токтом тең — 14-сентябрдагы № 614 жана 12-октябрдагы № 691 — күчүн жоготту деп таанылды.
Ошентип, импорттоочуларга мурда чектөөгө кабылган курулуш материалдарын кайрадан алып келүүгө уруксат берилди.
Экономика жана коммерция министрлигине токтом күчүнө киргенден кийин үч күндүн ичинде Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына тыюунун жоюлганы тууралуу кабарлоо тапшырылды.
Тышкы иштер министрлиги ошол эле мөөнөттө КМШнын Аткаруу комитетине кабарлашы керек.