www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Орусиянын эки Су-34 учагын жок кылды

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына караганда, 29-октябрда Волгоград облусундагы Мариновка аскердик аэродромуна сокку урулуп, Орусиянын эки Су-34 истребитель-бомбалоочу учагы жок кылынган.

Украин тараптын билдирүүсүн президент Владимир Зеленский да тастыктаган. Ошондой эле сокку учурунда «Искандер» ракеталык комплексинин учуруучу түзүлүшү жабыркаганы айтылды.

Алдын ала маалымат боюнча, чабуулдан эки аскер каза болуп, дагы экөө жаракат алган.

Украин тарап мындай соккулар Орусиянын авиациялык мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталганын белгиледи.

Последние новости