www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 30-октябрда Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын 13-саммитине катышты.
Саммиттин жыйынтыгында уюмга мүчө мамлекеттердин лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге кол коюшту.
Алардын катарында ТМУнун 13-саммитинин декларациясы, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду «Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени» менен сыйлоо жөнүндө чечим бар.
Ошондой эле ТМУнун башкы катчысын жана анын орун басарларын, Түрк академиясынын президентин дайындоо боюнча чечимдер кабыл алынды.