www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү багытындагы кызматташтык талкууланды. Ошондой эле GIZ тарабынан «Жашыл портфель» алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор каралды.
Тараптар өзгөчө «Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди башкаруу» аймактык программасына көңүл бурушту. Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга №1 кошумча документке кол коюлду.
Документке ылайык, Германия долбоорго 13 млн еврого чейин, ал эми Улуу Британия 8 млн фунт стерлингге чейин каражат бөлөт.
Долбоор Борбор Азиянын беш өлкөсүндө ишке ашырылып, бөлүнгөн каражаттар мамлекеттердин климаттык тобокелдиктерди башкаруу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого жумшалат.