www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы Айбек Карымов эл артисти наамын алуу үчүн дагы кандай эмгек кылышы керектигин сурап, президент Садыр Жапаровго жана Маданият министрлигине кайрылды.
Ал бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялаган.
«Урматтуу президентим Садыр Нуркожоевич, урматтуу Маданият министрлиги, мен эл артисти наамын алыш үчүн дагы эмне кылышым керек? Же али эртеби?» — деп жазган ырчы.
Анын бул билдирүүсү социалдык тармактын колдонуучуларынын көңүлүн бурду.
Эске салсак, Айбек Карымовго Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти деген ардактуу наам 2018-жылы ыйгарылган. Ал кезде президент Сооронбай Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгон.