www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги Эңвер Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны реконструкциялоо иштери уланууда. Келечекте анын аймагына кирүү акы төлөнүп, бакча өзүн-өзү каржылоого өтүшү мүмкүн.
Бакчанын директору Нурлан Албановдун айтымында, кирүү акысы алгач 150 сомдун тегерегинде болушу мүмкүн. Ошондой эле 2027-жылдын май айына чейин 5 миң дарак отургузуу, музей, амфитеатр жана заманбап лаборатория куруу пландалууда.
Директордун маалыматына ылайык, Ботаникалык бакча болжол менен 5–6 жылда өзүн-өзү каржылоого өтүүнү көздөп жатат.