www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда, Астана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионатына катышкан Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы мекенине кайтып келди.

Спортчуларды «Манас» эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Олимпиадалык спорт түрлөрү боюнча дирекциянын директору Мелис Тобокелов, агенттиктин кызматкерлери жана жакындары тосуп алышты.

Маалыматка ылайык, 24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан төрт балбан катышты.

Алар:
Гүлнур Таштанбекова (65 кг);
Мээрим Жуманазарова (68 кг);
Нурзат Нуртаева (72 кг);
Айпери Медет кызы (76 кг).

Мелдештин жыйынтыгында Мээрим Жуманазарова күмүш медаль жеңип алды.

Последние новости