www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Манас шаарынын күнү быйыл 5-ноябрда белгиленет

Манас шаарынын күнү быйыл 27-сентябрдан 5-ноябрга жылдырылды. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдагы жергиликтүү бюджетте майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө 1 млн сом каралган. Шаар күнүн кеңири масштабда уюштуруу жана тургундарга майрамдык маанай тартуулоо максатында кошумча каржылоо маселеси каралган.

Мэриянын билдиришинче, датаны өзгөртүү 2026-жылга гана тиешелүү. Кийинки жылдары Манас шаарынын күнү мурдагыдай эле 27-сентябрда белгиленет.

Учурда майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн даярдыктар көрүлүүдө.

Последние новости