www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте эки жол кырсыгына себепчи болуп, жоопкерчиликтен качууга аракет кылган Hyundai Sonata унаасынын айдоочусу кармалды.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, Бородина көчөсүндө айдоочу мопед менен кагылышып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Бир аз убакыттан кийин Жибек Жолу – Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде Kia Morning унаасы менен дагы жол кырсыгын жаратып, кайрадан качып кеткен.
Кайгуул кызматкерлери тарабынан уюштурулган кууп жетүү учурунда айдоочу Турусбеков – Чуйковская көчөлөрүнүн кесилишинде кармалган. Текшерүүдө анын мас абалда экени аныкталды.
Учурда айдоочунун үстүнөн тиешелүү укук бузуулар жөнүндө протоколдор түзүлдү.