www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

29-февралда тараткан маалымат боюнча УКМК ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, натыйжасында О.Б кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

 Ал телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө 2-мартта Бишкекте өтчү митинг учурунда бийликти күч менен басып алууга чакырган.

“Чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратып, коомдук-саясий абалды курчутууну каалагандарды издөө боюнча тиешелүү иштер жүрүп жатат. Мекеме өлкөдөгү абалды дестабилдештирүүгө алып келчү буга окшогон материалдарды жайылткандар мыйзам чегинде жооп бере турганын эскертет”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары 2-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында тынчтык митингин өткөрүшөрүн, анда бийликтен саясатчыны бошотууну, коррупция менен күрөшүүнү талап кылышарын айтышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости