www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда оор некрозго кабылган эки ымыркайга тери көчүрүү операциясы жасалды. Бул тууралуу ириңдүү хирургия бөлүмүнүн башчысы Нуралы Амираев билдирди.
Маалыматка ылайык, ымыркайлар Ысык-Көл жана Чүй облустарынан оор абалда жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер жабыркаган ткандарды алып салып, терини көчүрүү операциясын жүргүзүшкөн.
Операциядан кийин көчүрүлгөн теринин дээрлик 90 пайызы жакшы жабышкан. Учурда эки наристенин тең абалы канааттандырарлык болуп, алар үйлөрүнө чыгарылган. Ноябрдын башында кайрадан текшерүүдөн өтүшөт.