www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. 

Тургундар социалдык колдоо, медициналык жардам, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштары, алимент өндүрүү, ошондой эле жол инфраструктурасынын абалы жана туристтик объектилерди өнүктүрүү маселелерин көтөрүштү. Ошондой эле кылмыш иштерине жана укук коргоо органдарынын аракеттерине байланыштуу кайрылуулар да айтылды. 

Мамлекет башчысы жарандардын кайрылууларын тиешелүү министрликтер менен ведомстволорго иштеп чыгууну, ошондой эле кылмыш иштерин жана мүлк талаштарын объективдүү кароону камсыз кылууну тапшырды.

Айрым маселелер боюнча зарыл текшерүүлөрдү жүргүзүп, мыйзамдардын алкагында чечимдерди кабыл алууну талап кылды.

Последние новости