www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Венгриянын мурдагы премьер-министри Виктор Орбанга БУУнун баш катчысы кызматына ат салышууну сунуштаган. Бул тууралуу The Wall Street Journal өз булактарына таянып билдирди.
Басылманын маалыматына караганда, Россия менен Кытай да бул демилгени колдоого даяр. АКШнын Мамлекеттик департаменти Орбан БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги 15 добуштун 10ун ала алат деп эсептейт.
Учурда БУУнун баш катчылыгына бир нече өлкөнүн өкүлдөрү талапкерлигин көрсөтүүдө. Азыркы баш катчы Антониу Гутерриштин кызматтык мөөнөтү 2026-жылдын 31-декабрында аяктайт.