www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суук түшкөнүнө байланыштуу Бишкекте жылытуу башталат

Бишкек шаарынын мэриясы 28-октябрдан тарта борбор калаада жылытуу мезгили башталарын маалымдайт.

Мындай чечим тышкы абанын температурасынын төмөндөшүн, гидрометеорологиялык кызматтын аба ырайы боюнча болжолун, ошондой эле турак үйлөрдү жана социалдык объектилерди жылытуу үчүн электр энергиясын керектөөнүн көбөйүшүнө байланыштуу электр тармактарына түшкөн жүктү азайтуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жылуулук берүү системасын ишке киргизүү учурунда жаралышы мүмкүн болгон убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.

Эске салсак, белгиленген критерийлерге ылайык, тышкы абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 °Cден жана андан төмөн болгон учурда жылытуу мезгили башталат.

Последние новости