www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп буйрук берген учурда, америкалык күчтөр Иранга каршы кеңири масштабдагы аскердик операцияны 96 сааттын ичинде баштоого даяр. Бул тууралуу CNN телеканалы америкалык эки аткаминерге шилтеме берүү менен маалымдады.

Маалыматка ылайык, Жакынкы Чыгыш аймагында сокку урууга жетиштүү америкалык аскердик күчтөр жайгаштырылган. Ыктымал буталардын катарына Ирандын энергетикалык инфраструктурасы, аскердик жана өзөктүк объектилери кирет.

Ошол эле учурда операцияны баштоо боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек.

АКШнын азыркы жана мурдагы айрым аткаминерлери аскердик операция тууралуу буйрук жыл аягына чейин берилиши мүмкүн деп эсептешет. Алардын божомолуна ылайык, мындай чечим АКШ Конгрессине карата аралык шайлоодон кийин кабыл алынышы ыктымал.

Последние новости