www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бала бакчадан чыгып, сууга түшүп кеткен баланы куткарып калган окуя боюнча милиция текшерүү баштады.

Бишкекте сууга түшүп кеткен баланы өтүп бара жаткан эркек киши куткарып калды. Бул окуя тартылган видео социалдык тармактарда тарап, талкууга алынган.

Жарандын айтымында, ал жумуштан кайтып келе жатып, суунун жээгинде ойноп жаткан баланы байкаган. Ал наристени сууга жакындатпоого аракет кылган, бирок үлгүрбөй калган. Бала сууга түшүп кетип, агымга алдыра баштаганда, ал дароо жардамга чуркап, агымдын төмөн жагынан кармап, суудан алып чыккан.

Андан соң баланы бала бакчанын жетекчилигине тапшырган.

Бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы текшерүү баштаганын билдирди. Милиция учурда окуянын чоо-жайын тактап жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамга ылайык чара көрүлөт.

Последние новости