www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

25-октябрда кечинде Ооганстанда магнитудасы 5,2ге жеткен жер титирөө катталды. Жер силкинүү Тажикстан менен Өзбекстанда да сезилген.

Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борборунун (EMSC) маалыматына караганда, жер титирөө саат 22:44тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Ишкашим шаарынан 60 чакырым түштүк-батышта жайгашып, очок болжол менен 100–110 чакырым тереңдикте болгон.

Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сейсмологиялык мониторинг борбору айрым аймактарда жер силкинүүнүн күчү 2 баллга чейин жеткенин билдирди.

Жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат азырынча берилген жок.

Последние новости