www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжандын Илим жана билим берүү министрлиги Ирандын илим, изилдөө жана технологиялар министри Хусейн Симаи-Саррафтын өлкөдөгү билим берүү маселелери боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды.

Министрлик ирандык аткаминердин сөздөрүн Азербайжандын ички иштерине кийлигишүү аракети катары баалап, мындай аракеттерге жол берилбей турганын билдирди.

Ошондой эле министрлик Иранда азербайжан тилинде билим берген мектептер жок экенин жана жогорку окуу жайларында да бул тилде окутуу жүргүзүлбөй турганын белгиледи.

Мекеменин маалыматына ылайык, Иранда 40 миллионго жакын этностук азербайжан жашайт. Министрлик ирандык бийликти башка өлкөлөрдүн ички иштерине кийлигишүүнүн ордуна, өз өлкөсүндөгү азербайжандардын эне тилинде билим алуу маселесин чечүүгө чакырды.

Последние новости