www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Айтматова дүйнөдөн кайтты: «Өлбөсөм сүйлөп берем…». Жазуучу, драматург, ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раевдин эскерүүсү:

"Акыркы жолу Роза эже менен телефондо сүйлөштүм. Бир аз сыркоолоп жатканын үнүнөн сездим. «Ооруп жатасызбы?» деп суроого батына албадым. Ооруп жаткан адамга кайрадан оорусу тууралуу сүйлөө анын түйшүгүн жеңилдетпейт. Мурдалары да сураганымда, эже: «Эми карылык да…» деп кыска жооп берер эле.

Эжеге кубанычтуу кабарды угузуп коёюн деп:

— Роза эже, 2028-жылды түрк дүйнөсүндө Айтматов жылы деп жарыялап жатабыз, — дедим.

Эже адаттагыдай эле акырын үн катты.

— Султан, Чыңгыз акемдин мааракелери өтүп жатат… Атам Төрөкулдун атын элге өзүм каалагандай чыгара албай койдум. Бир арманым ушу… Мен өтүп кетсем, ким ойлойт экен а жөнүндө… — деп терең үшкүрүнүп алды.

— Эже, баягы экөөбүздүн сөзүбүздөн кийин түрктөр Төрөкул Айтматов жөнүндө даректүү фильмди баштаганы турат. Сценарийин мен жаздым. Сиздин сөзүңүз фильмдин өзөгү болот. Жакында барып тартышат. Сүйлөп бересиз, — дедим.

Эже ошондо кыска жооп берген эле:

— Өлбөсөм сүйлөп берем… — деди.

Ушу жерден экөөбүздүн кыска сөзүбүз үзүлгөн…

Тагдырдын жазмышы… Эже бүгүн о дүйнө салды…

Акыркы жолу эженин көзүнө, Айтматовдордун ааламы менен арманы баткан көзүнө батынып карадым эле.

Бул көз Төрөкулдун өлгөнүн укканда көз жашка толду эле. Нагиманын актыкка баш урганында «апалап» какшады эле. Эжеси Люциянын ажалга баш урганын көтөрө албай кан какшап зарлады эле. Кенже агасы Илгиздин жоготуусун да арманы ичке батпай, жан какшап алды эле.

Агасы Чыңгыз өткөндө ааламы көчүп, дүйнөсү өчкөн көзүндө…

Бу көздөр… Роза Айтматованын көзү.

Айтматовдордун жоготуусун, качандыр бир убакта апасы Нагима кандай көтөрсө, Роза Айтматова да ошондой көтөрүп келди.

Анын арманы кылымды карыткан Арман!…

Коош, Роза эже, Айтматовдордун татыктуу тукуму!..", - деп жазылат эскерүүдө.

< Предыдущий

Последние новости