www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-январда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин видеоконференция аркылуу Пекинден келген кытайлык аскерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерди. Бул тууралуу маалыматты NazarNews маалымат агенттигине ССТV plus агенттиги билдирди.

Текшерүү быйылкы жылдын 22-январына туура келген Ай календары боюнча салттуу кытай жаңы жылы болгон Жаз майрамынын алдында өттү.

Видеоконференциянын жүрүшүндө КПК БКнын Башкы катчысы жана Борбордук Аскердик Кеңештин (БКК) төрагасы Си Цзиньпин КПК БКнын жана ЖМБнын атынан бардык офицерлер менен жоокерлерге жаңы жылдык куттуктоолорду жана каалоо-тилектерин айтты.

Кытай мамлекет башчысы чек аралардын коопсуздугун камсыздоо жана өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо боюнча жооптуу кызматтар менен видеобайланыш аркылуу жолугушту.

Жолугушуудан кийин Си Цзиньпин аскерлердин күжүрмөн даярдыгын толугу менен тастыктады.

Ал белгилегендей, Жаз майрамы жакындаган сайын өлкөнүн бардык калкы жаздын бактылуу, бейпил жана коопсуз болушу үчүн армиянын бардык бөлүктөрү кызматтык милдеттерин аткарууда күжүрмөн даярдыгын күчөтүп, улуттук коопсуздукту жана коомдук туруктуулукту чечкиндүү коргошу керек. Ошондой эле майрам учурунда офицерлер менен жоокерлердин жашоосун жана ишин жакшы пландаштыруу зарыл, деп кошумчалады Кытай лидери.

Последние новости