www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын жай айларында Европанын 30 өлкөсүндөгү 854 шаардык аймакта катуу ысыктын кесепетинен 50 миң 391 адам мезгилсиз каза болгону болжолдонууда. Бул 2000-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Изилдөөчүлөр өлүмдөрдүн 32 миңден ашыгын адамдын ишмердүүлүгүнөн улам күчөгөн климаттын өзгөрүшү менен байланыштырышат.
Окумуштуулардын маалыматына караганда, ысыктан өзгөчө улгайган адамдар жабыркаган. Каза болгондордун болжол менен 6 миңи 65 жашка чыга элек адамдар болгон.
2022-жылдын жайына салыштырмалуу ысыктан каза болгондордун саны 71 пайызга өскөн. Адистер мындай кесепеттерди азайтуу үчүн шаарларда жашыл аймактарды көбөйтүп, ысыкты басаңдатуучу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилешүүдө.