www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Достук айыл өкмөтүнө караштуу жер тилкелерине байланыштуу алдамчылыкка шектелген мурдагы кызматкер кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жагдай боюнча милицияга 200дөн ашуун жаран арыз менен кайрылган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.А. аттуу мурдагы кызматкер кармалды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Милиция аталган жарандан жабыркагандарды же окуя боюнча маалыматы барларды 0(500) 432 815, 0(706) 411 515 телефондоруна же 102 номерине кабарлоого чакырды.

Последние новости