www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Билим берүү министрлигин мектептерге окуу китептерин бөлүштүрүүнү көзөмөлдөө жана бул багыттагы маалыматтарды санариптештирүү иштери жетишсиз жүргүзүлүп жатканы үчүн сынга алды. 

«Силер цифровизациядан нөл экенсиңер. Илгерки кагаз боюнча жүрөт экенсиңер. Жадагалса кайсы мектепте, кайсы районго канча китеп кетти, билбейт экенсиңер. Бүгүн министр командировкада жүрбөйбү. Республикалык жыйналышта ага сөгүш берейин дедим эле», - деди президент.

Ошондой эле мамлекет башчысы билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаеванын иш сапарда жүргөнүн белгилеп, ага катуу сөгүш жарыялоону көздөп жатканын айтты.

Президенттин билдирүүсүндө мектептерди окуу китептери менен камсыздоо процессин натыйжалуу көзөмөлдөө, бөлүштүрүлгөн китептердин эсебин так жүргүзүү жана билим берүү тармагындагы санариптештирүү иштерин жакшыртуу маселелери көтөрүлдү.

Последние новости