www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүндөн баштап Бишкектеги эски аянтта «Агротехэкспо-2026» жана «Алтын күз» көргөзмө-жарманкеси башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, көргөзмө 23-25-октябрь күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин өтөт. Иш-чара жыл сайын салтка айлангандай айыл чарба кызматкерлеринин күнүн утурлай уюштурулат.
«Агротехэкспо-2026» көргөзмөсүндө атайын айыл-чарба менен алектенген жарандарга керектелүүчү жабдыктар, техникалар жана асыл тукум чарбанын эң мыкты жетишкендиктери көрсөтүлөт.
Ал эми «Алтын күз» жарманкесинде Кыргызстандын бардык аймагынан келген фермерлердин жана ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн азык-түлүк продукциялары сатылат. Иш-чарага байланыштуу Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.