www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан менен Сингапур авиация тармагындагы өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча макулдашты. Бул тууралуу эки өлкөнүн авиация тармагын көзөмөлдөөчү органдарынын өкүлдөрү Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдиришти.
Макулдашууга ылайык, казакстандык авиация инспекторлору Сингапурдун авиация академиясында билим алып, тажрыйба алмашууну улантышат.
Ошондой эле тараптар учуу коопсуздугун камсыздоо, авиациялык адистердин квалификациясын жогорулатуу жана жаңы технологияларды киргизүү маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, кызматташтыкты чыңдоо үчүн эки өлкөнүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилеринин жыл сайын жолугушуусун өткөрүү сунушталды.