www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте №166 автобус жол кырсыгына кабылып, төрт унаа менен кагышты. Кырсыктан төрт адам жабыркап, алардын экөө балдар. Бул тууралуу шаар бийлиги жана Транспорт департаменти маалымдады.
Окуя түнкү саат 23:00 чамасында Исакеев жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, автобус светофордун жашыл түсүндө бурулуп жатканда каршы тилкеде келе жаткан Kia Morning унаасы анын арткы оң капталын сүзгөн. Кагылышуудан качууга аракет кылган автобус каршы тилкеге чыгып, андан соң Kia Morning, Hyundai Sonata, BYD жана Volkswagen Passat унаалары менен кагышкан.
Транспорт департаменти автобустун төрт унаа менен кагышкан учуру тартылган видеону жарыялады.
Маалыматка ылайык, автобус ошол учурда базага бара жаткан жана ичинде жүргүнчүлөр болгон эмес. Кырсыктын жагдайлары такталууда.