www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чилиде АКШнын элчиси Брэндон Жадддын Антарктиданын Чилиге таандык аймагы жок деген билдирүүсүнөн кийин дипломатиялык жаңжал чыкты. Чилинин айрым депутаттары элчини өлкөдөн чыгарууну талап кылышты.
Чили 1940-жылы Антарктиданын бир бөлүгүнө өзүнүн аймактык дооматын жарыялаган. Бирок бул аймакка Аргентина жана Улуу Британия да доомат коюшат.
1959-жылдагы Антарктика келишими аймактык талаштарды убактылуу токтотуп, континентти тынчтык жана илимий изилдөө максатында пайдаланууну карайт. Ошол эле учурда Чилинин Антарктидадагы суверенитети эл аралык деңгээлде толук таанылган эмес.
Азырынча АКШ элчисин өлкөдөн чыгаруу талабы оппозиция өкүлдөрүнүн демилгеси бойдон калууда.