www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов 22-октябрда Бишкекте өткөн «Коопсуз үй-бүлө — коопсуз өлкө» форумунда махр жана үйлөнүү үлпөтүндөгү айрым салттар тууралуу пикирин билдирди. Иш-чараны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы уюштурган.

Талкуу учурунда Мыкан айылынын молдосу махр жана калың маселесин көтөрдү. Анын айтымында, ажырашуу учурунда айрым аялдар калың ата-энесине берилгенин, ал эми өздөрүнө убада кылынган махр төлөнбөй калганын айтып, жардам сурап кайрылышат. Молдо ата-энелерге балдарына никенин маанисин жана үй-бүлөлүк жоопкерчиликти алдын ала түшүндүрүүнү сунуштады.

Касмамбетов мурда махр талап кылуу салты болбогонун айтып, күйөө баланын келиндин туугандарына жүгүнүү салтын да сынга алды. Ал Айчүрөк эне, Курманжан датка сыяктуу тарыхый инсандарды мисал келтирип, эркектин кайын журтуна кайра-кайра жүгүнүшүн туура эмес деп эсептерин билдирди.

«Келиндин, кыздын жүгүнгөнү талдын ийилгени дейт. Эркектин жүгүнгөнү теректин жыгылганы», — деди ал.

Последние новости