www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери каза болду деген маалыматтар социалдык тармактарда тарагандан кийин, өлкөнүн мамлекеттик ЖМКлары Ким Чен Ындын кызы менен бирге кийим-кече жана бут кийим көргөзмөсүнө барган сүрөттөрүн жарыялады. Сүрөттөрдө 42 жаштагы Түндүк Кореянын лидери дени сак көрүнөт. Бул сүрөт анын мээсине кан куюлуп каза болгону тууралуу тараган кептерди жокко чыгарууга багытталгандай.

Түштүк Кореянын чалгын кызматы анын өлүмү тууралуу маалыматты тастыктаган далилдер жок экенин билдирди.

Мындай ушактардын кайра-кайра тарашынын негизги себептери, Түндүк Кореянын өтө жабык болушу, лидердин ден соолугу тууралуу маалыматтын жетишсиздиги жана бийлик кимге өтөрү боюнча белгисиздик өлкө жарандарын кооптонтуп турат.

Азырынча Ким Чен Ындын каза болгону тууралуу маалымат тастыкталган жок.

Последние новости