www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун Самаркандга жасаган сапары жана “C5+1” форматындагы сүйлөшүүлөр Вашингтондун Борбордук Азиядагы ролун жаңы деңгээлге көтөрүп, аймактагы таасирин арттыруу аракетин айкын көрсөттү. Америкалык делегация экономикалык кызматташтыкты жана ресурстарды диверсификациялоону сунуштаганы менен, бул кадам чөлкөмдөгү Москва менен Пекиндин үстөмдүгүн дароо алмаштыра албайт. 

Мындан тышкары, АКШнын ички саясий жүрүшүнөн улам убадалар бузулуп, ири долбоорлор токтоп калуу тобокелдиги дагы бар. 

Ошондуктан Борбордук Азия өлкөлөрү Батыштан келген ири сунуштардын артында кандай жагдайлар жатканын жана келечектеги коркунучтарды алдын ала терең талдап билүүсү зарыл.

Мындай пикирин эл аралык эксперт, УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Артур Медетбеков NazarNews агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. 

- Артур Капарович, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионин Самаркандга жасаган алгачкы сапары Вашингтондун Борбордук Азияга карата тышкы саясатынын өзгөрүшүнөн кабар береби?

- АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандга чон делегация менен келип, бул сапардын алкагында “C5+1” форматындагы жолугушуулар өткөрүлдү. Бул иш-чара Кошмо Штаттардын Борбордук Азиядагы ролун сапаттуу өнүктүрүүнү, ошондой эле аймак менен экономикалык, соода-сатык жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы кызматташтыкты жогорку деңгээлге көтөрүүнү көздөйт. Муну менен Вашингтон аймактагы өз таасирин жана катышуусун арттырууну максат кылууда.

Ошону менен бирге, бул кадамдар ресурстардагы жана экономикалык инвестицияларды диверсификациялоого багытталган. 

Мындай ыкма мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтууга жана пландалган долбоорлордун туруктуу ишке ашуусуна шарт түзөт. Бул форматтын алкагында алар Өзбекстан менен жалпы 12 миллиард долларлык келишимдерге кол коюшту. Ошондой эле космосту изилдөө жана бул тармакта кызматташуу боюнча ич ара инвестициялык макулдашууларды түзүштү. 

Муну менен катар, Марко Рубионун келиши Каспий деңизине жакын жайгашкан Казакстан, Түркмөнстан жана андан анча алыс эмес Өзбекстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сапардын максаты — Каспий чөлкөмүндөгү жаратылыш ресурстарын бирлешип чалгындоо жана натыйжалуу пайдалануу боюнча келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу. 

Кошмо Штаттар аймактагы өз катышуусун башка мамлекеттер сыяктуу үчүнчү тараптардын ортомчулугусуз, түз соода-экономикалык мамилелер аркылуу кеңейтүүнү көздөйт. Бул үчүн өнөктөштөргө экономикалык эркиндик берүү жана бул тармакты жогорку деңгээлге көтөрүү пландалууда. Жыйынтыктап айтканда, Рубионун бул сапары аймакта ири иш-чаралардын жана стратегиялык долбоорлордун башталышына жол ачты.

“С5+1” форматынын алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары Амерки Кошмо Штаттарына барып, 

өлкө президенти жана бир нече ири бизнес түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушкан. Андагы талкууларда ар бир өлкө өзүнүн өнүгүү долбоорлору боюнча маселе көтөргөн. Ошол сүйлөшүүлөрдөн жана макулдашуулардан кийин, америкалык тараптын Борбордук Азияга келип, түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу боюнча таштаган кадамдары АКШнын аймакка карата тышкы саясатында, каржы-экономикалык жана башка саясий багыттарда жаңы өзгөрүүлөрдү баштады.

Албетте, бул багытта алдыда дагы көптөгөн иш-чаралар жана чечиле турган маселелер бар. Эгерде аталган келишимдер менен долбоорлор өз нугунда иш жүзүнө аша турган болсо, бул Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн глобалдык процесстерде абдан чоң үлгү болуп берет. Ошол эле маалда, аймактагы мамлекеттердин экономикасына тартылган инвестициялык долбоорлордун көбөйүшүнө кеңири жол ачат.

- Бул сапар аймактагы салттуу өнөктөштөр болгон Орусия жана Кытайдын таасирине кандай таасир этиши мүмкүн?

- Марко Рубионун Самаркандка жасаган сапары жана аны коштогон делегациялардын келиши, албетте Борбордук Азиядагы Москва менен Пекиндин үстөмдүгүн автоматтык түрдө алмаштыра албайт.

Анткен менен, бул кадам алардын аймактагы таасирине белгилүү бир деңгээлде баланс түзүүгө багытталган. Ал эми аймактагы өлкөлөр көп векторлуу тышкы саясат жүргүзүүгө аракет кылуу менен, өздөрүнүн экономикалык саясатында жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачууда. Ошол эле маалда, Вашингтондун экономикалык жана инвестициялык активдүүлүгү аталган мамлекеттердин салттуу өнөктөштөрүнө болгон көз карандылыгын акырындык менен төмөндөтүүгө же жумшартууга шарт түзөт.

Канткен менен, келечекте Россия жана Кытай мамлекеттери аймактагы өз таасирин алдырбаш үчүн ачык катуу кысым көрсөтпөсө да, экономикалык жана каржылык жактан жаңы альтернативалуу программаларды, сунуштарды иштеп чыгышы мүмкүн. Мындай долбоорлордун жакынкы арада жарыяланышы толук ыктымал. Себеби Борбордук Азия өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгы ШКУнун алкагында экономикалык, каржылык жана терроризмге каршы коопсуздук боюнча түзүлгөн келишимдердин мүчөсү болуп саналат. Андан тышкары, аймактагы үч өлкө ЖККУга, ал эми эки өлкө ЕАЭБге кирет. Ошондуктан, бул багытта алдыда дагы көптөгөн татаал маселелер каралып, талкууланышы мүмкүн.

Бул жерде дагы бир маанилүү жагдайды эсибизден чыгарбашыбыз керек: өзгөчө Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан барган көптөгөн мигранттар Россияда эмгектенип жүрүшөт. Акыркы убакта Россияда мигранттарга карата байкалып жаткан чыңалуулар, балким, ушул АКШ менен Борбордук Азиянын жолугушууларынан кийин кайра каралып, Москва тараптын позитивдүү кадамдарга умтулуусу дагы мүмкүн. 

- “C5+” форматындагы жолугушуу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эл аралык аренада бирдиктүү жана көз карандысыз субъект катары позициясын бекемдөөгө канчалык өбөлгө түзөт?

- Эгерде аймактагы өлкөлөр келечекте көп векторлуу экономикалык, саясий жана каржылык көз караш менен иш алып барууга шарт түзө алышса, бул абдан чоң мүмкүнчүлүк болот. Мындай шартта сырттан келген инвестициялык долбоорлор менен жаңы технологиялар коррупциялык көрүнүштөргө аралашпай, таза ишке ашса, мамлекеттердин өнүгүүсүнө зор салым кошот. Бул жагдай глобалдык геосаясий жана геоэкономикалык талаада аймак өлкөлөрүнүн эркин, көз карандысыз жана чыгармачыл кадамдар менен иш жүргүзүүсүнө кеңири жол ачат.

Дагы бир эске ала турган маанилүү жагдай: 2022-жылы Россияга каршы санкциялар жарыялангандан кийин, АКШ Европа өлкөлөрүнө суюлтулган жаратылыш газын жеткире баштаган. Ал кезде анын баасы орус газынан анча деле кымбат эмес болчу. Натыйжада, Европа өлкөлөрү Россияга болгон көз карандылыгын дээрлик 80 пайызга чейин кыскартып, газды негизинен Америкадан сатып алууга өтүшкөн. 

Бирок, бүгүнкү күндө АКШнын энергетика министри Крис Райттын билдирүүсүнө ылайык, геосаясий кырдаалдарга байланыштуу газдын баасы жогорулашы мүмкүн же АКШ энергетикалык ресурстарды башка мамлекеттерге багыттоого мажбур болот. Жадагалса, Европага газ берүү убактылуу токтотулушу же кыскартылышы ыктымал деген маалыматтар да жарыяланды. Министр Кошмо Штаттар түзүлгөн шарттарга байланыштуу ушундай кадамдарга барууга аргасыз экенин белгилеп өттү.

Дал ушул себептен улам, АКШда президенттер алмашкан кезде саясий багыттар өзгөрүп, жаңы жагдайлар жаралат. Натыйжада, мурда түзүлгөн келишимдер же убадалар бузулуп, долбоорлор аягына чыкпай, ири программалар токтоп калышы ыктымал. Мына ушундай жагдайларды эске алуу менен, бүгүнкү күндө жана келечекте Борбордук Азия чөлкөмүндө ишке аша турган, жогоруда айтылган экономикалык, каржылык, инвестициялык жана жаңы технологиялар боюнча үмүттү арттырган долбоорлорду абдан дыкат изилдөө зарыл. Аймактагы ар бир мамлекет бул мүмкүнчүлүктөрдү кайра-кайра терең анализдеп, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп бере турган, туура жана позитивдүү стратегиялык кадамдарды жасоого аракет кылышы керек.

Себеби Европа мамлекеттеринин башчылары кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн аракет кылып, АКШ тараптан жүргүзүлгөн жаңы саясатка макул болууга аргасыз болушу мүмкүн. Мындай ири мамлекеттер тарабынан жарыяланып жаткан экономикалык процесстер алгач абдан жакшы сунуш сыяктуу көрүнгөнү менен, анын артында эмне жатканын, ошондой эле келечекте кандай жаңы түзүлүштөр, мүмкүнчүлүктөр же тобокелдиктер бар экенин алдын ала талдап билүү зарылчылыгын эч убакта эстен чыгарбашыбыз керек.

Маектешкен Турдайым Кожомбердиева

Последние новости