www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмердин өмүрү улуттук музыканы өнүктүрүүгө, элдик мурастарды изилдөөгө жана жаш муундарга билим берүүгө арналган.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор, обончу жана маданият таануучу Турганбай Молдогазиев 86 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Турганбай Молдогазиев 1940-жылдын 13-июнунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айылында туулган. Ал М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын жана Москва мамлекеттик маданият институтун аяктаган.
Эмгек жолун музыкалык билим берүү тармагынан баштап, кийин маданият жана билим берүү мекемелеринде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. М. Абдраев атындагы республикалык атайын орто музыкалык мектеп-интернатынын директору, Кыргыз ССРинин Театр коомунун төрагасынын орун басары, Элдик чыгармачылык жана маданий-агартуу илимий-методикалык борборунун директору болуп иштеген.
Ошондой эле Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер, Бишкек гуманитардык университетинде проректор жана окутуучу болуп эмгектенген.
Турганбай Молдогазиев чыгармачылык менен илимий изилдөөлөрдү айкалыштырып, кыргыз фольклорун, элдик музыканы жана «Манас» эпосун изилдөөгө өзгөчө көңүл бурган. Анын «Күү баяны» аттуу илимий-көркөм радиоберүүлөр сериясы улуттук музыкалык мурастарды кеңири таанытууга салым кошкон.
Ал «Сонун кез», «Ак шоола чачсаң», «Гүл талаа», «Гүлдөй бер, Кыргызстан» сыяктуу обондордун, ошондой эле «Карыянын кайрыгы» жана «Ысык-Көл баяны» аттуу күүлөрдүн автору болгон. Мындан тышкары, бир катар пьесаларды жана маданий иш-чаралардын сценарийлерин жазган.
Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги» ардактуу наамдары ыйгарылган. Ошондой эле «Эмгек ардагери» жана СССР Куралдуу күчтөрүнө маданий кызмат көрсөтүүдөгү жетишкендиктери үчүн төш белгилери менен сыйланган.
Министрлик Турганбай Молдогазиевдин дүйнөдөн кайтышын кыргыз маданияты жана улуттук музыкалык искусство үчүн орду толгус жоготуу катары белгилеп, маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, кесиптештерине жана шакирттерине көңүл айтты.
Маркум менен коштошуу зыйнаты 23-октябрда саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Москва көчөсү, 90-үй дарегинде өтөт.