www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Kia K7 үлгүсүндөгү унааны алдамчылык жолу менен алып, акчасынын бир бөлүгүн төлөбөй койгон деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 9-февралында унаа базарында 1992-жылы туулган М.А. аттуу жаран 2017-жылы чыгарылган Kia K7 үлгүсүндөгү унааны 10 миң 300 долларга сатып алууга макулдашкан. Бирок ал сатуучуга 4 миң 300 доллар гана төлөп, калган 6 миң долларды бербей койгон. Кийин унааны үчүнчү жакка сатып, акчаны жеке кызыкчылыгына пайдаланган.

Натыйжада жабырлануучуга 524 миң 700 сом материалдык зыян келтирилген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ленин райондук соту аны эки айга камакка алуу чечимин кабыл алган. Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмышка тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.

Милиция бул жарандан жабыркагандар болсо, 0705 568 818, 0703 075 054 телефондоруна же 102 номерине кайрылууну өтүнөт.

Тергөө уланууда.

Последние новости