www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин Жапонияга расмий сапары башталды. Сапардын алкагында ал Токио шаарында Жапония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы Эйсукэ Мори менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз-жапон кызматташтыгын өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Марлен Маматалиев эки өлкөнүн кызматташтыгын парламенттик дипломатия аркылуу мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин ишин санариптештирүү, мыйзам чыгаруу жана парламенттик ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.
Тараптар Жапониянын колдоосу менен Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан жол-транспорт инфраструктурасы, саламаттык сактоо, айыл чарба, суу менен камсыздоо жана кадрларды даярдоо тармагындагы долбоорлорду да талкуулашты. Маматалиев JICA агенттигинин колдоосун жана «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун жергиликтүү өндүрүштү өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи.
Өз кезегинде Эйсукэ Мори эки өлкөнүн мамилеси акыркы жылдары активдүү өнүгүп жатканын айтып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда Жапония парламентинин Өкүлдөр палатасынын төрагасы кыргыз делегациясын парламенттин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, жыйындар өтүүчү залдарды көрсөттү.
Делегациянын курамына депутаттар Талайбек Масабиров, Талант Мамытов, Эльвира Сурабалдиева, Бурул Аманова, Жаныбек Аматов, Мирлан Жеенчороев, Максат Алымбеков жана Эрулан Кокулов кирди.