www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги «Дордой» базарынын жанындагы кампалардан чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 22-октябрда кечки саат 19:40 чамасында Дордой конушундагы Ибраимов көчөсү, 41К дарегинде чыккан. Жалын асма шамдар жана жарык берүүчү шаймандар сакталган «Свет Про» жана «Асма шам дүйнөсү» контейнерлерине жайылган.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт 1 миң чарчы метр аянтты каптап, 25 контейнер жабыркаган. Каза болгондор жана жабыркагандар жок.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринде коопсуздук эрежелеринин бузулушунан же электр зымдарындагы кыска туташуудан чыгышы мүмкүн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттук өрт-техникалык экспертиза дайындалды. Өрттүн так себеби тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат.