www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда калкы көп шаарлардан жана аймактардан жумушчу күчү жетишпеген облустарга ыктыярдуу көчкөн жарандарга мамлекеттик колдоо көрсөтүлөт. Жаңы тартип 2027-жылдан тарта күчүнө кирет.

Программа жол чыгымдарын жана коммуналдык төлөмдөрдү жабууну, турак жай же батир ижарасы үчүн жардам берүүнү, кесиптик окуудан өтүүнү жана ишкерликти баштоого колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Ошондой эле көчүп баргандар турак жай сертификатын ала алышат.

Колдоо Алматы, Астана жана Чымкент шаарларынан, ошондой эле Жамбыл, Түркстан жана Маңгыстоо облустарынан көчкөндөргө берилет. Алар негизинен Түндүк Казакстан, Павлодар, Костанай, Караганда жана башка жумушчу күчү тартыш облустарга жайгаштырылат.

Мамлекеттик жардам алуу үчүн белгиленген талаптарды аткаруу зарыл. Жаңы аймакта жашабай калгандар же жалган маалымат бергендер бөлүнгөн каражатты кайтарып берүүгө милдеттүү болушу мүмкүн.

Последние новости