www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Ядролук физика институту Европалык ядролук изилдөөлөр уюму (CERN) менен кызматташуу боюнча келишим түздү. Макулдашуу казакстандык окумуштууларга дүйнөдөгү эң ири илимий долбоорлордун бири — Чоң адрон коллайдеринин эксперименттерине катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Казакстан DRD1 эл аралык илимий кызматташтык долбооруна кошулуп, газ менен толтурулган бөлүкчө детекторлорун иштеп чыгууга жана чогултууга катышат.

Мындан тышкары, казакстандык адистер коллайдердин жабдууларын жаңылоо үчүн 1500 даана атайын модуль чыгарууну пландаштырууда. Бул кызматташтык өлкөнүн ядролук физика жана жогорку технологиялар тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Последние новости